Бишкектеги Улуттук тарых музейи ачууга даярдалууда

Бишкектеги Улуттук тарых музейи ачууга даярдалууда

Бишкектеги Улуттук тарых музейи ачууга даярдалууда. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Маданият министрлигинен билдиришти.

Министрлик музейдин ичин реконструкциялоо менен алектенген немис компаниясына болгон карызы толугу менен жабылганын белгиледи.

Аталган министрлик азырынча ачылыштын так датасын айта албай турганын баса белгилеп, бирок даярдык иштери кызуу жүрүп жатканын кошумчалады. Башка булактардын айтымында, ачылыш 2021-жылдын акыркы күндөрүнө пландаштырылган.

Тарых музейи беш жылдан бери зыяратчылар үчүн жабык. 2016-жылдын март айында ал оңдоо жана реконструкциялоо үчүн жабылган. Техникалык жактан иш бүткөрүлдү, бирок оңдоо учурундагы коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, музей жабылып турат. Бирок, музейдин ачылышына тоскоол болгон дагы бир маселе бар.

Маалым болгондой, бардык ачкычтар реконструкциялоо менен алектенген ишкананын карамагында. Алар кыргыз тарап немис компаниясына подрядчы катары карызын төлөгөндөн кийин кайтарылат. Карыздын суммасы 225 миң еврого жакын болгон.

Соңку беш жарым жылдан бери аткаминерлер музейди ачууну кайра-кайра убада кылып, атүгүл так даталарын аташкан. Бирок убадалар аткарылган жок.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>