Бишкек шаардык Жылуулук электр борборунда түнкү саат 03:00 чамасында авария болду. Айрым маалыматтарга караганда, отказандардын бири жарылды.
Энергетика министрлиги атайын штаб түзүлгөнүн кабарлады.
ЖЭБтин беш кызматкери түнү ооруканага түштү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин Reporter.kg’ге берген маалыматында, анын үчөө оор абалда экени айтылат.
«Экөөнүн абалы жакшы болгондуктан алар үйдөн дарыланууга жөнөтүлдү», — дейт мекеме.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз