ЖЭБдеги кырсык. Өрт таңкы 5те өчүрүлдү, ысык сууга чектөө киргизилди

ЖЭБдеги кырсык. Өрт таңкы 5те өчүрүлдү, ысык сууга чектөө киргизилди

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жылуулук электр борборунданы кырсыктан чычкан өрттү өчүрүүгө шаардын баардык райондорундагы өрт өчүрүүчүлөрдү тартты.

Тилсиз жоо эки сааттан кийин, таңкы саат 05:05те толук өчүрүлгөн.

Бишкек мэриясы муниципалдык мектептердин баары онлайн окууга өткөнүн кабарлады. Шаар башчысы Айбек Жунушалиев абалды жайынан көзөмөлдөөдө.

103 мектеп онлайн окуп, 94 бала бакча бүгүн иштебейт.

Энергетика министрлигинин маалыматында, атайын штаб түзүлүп, ысык сууга чектөө киргизилди.

Шаарга жылуулук үзгүлтүксүз берилип жатат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Reporter.kg’ге берген маалыматында, кырсыкта ЖЭБдин беш кызматкери жабыркады.  Анын үчөө оор абалда экени айтылат.

«Экөөнүн абалы жакшы болгондуктан алар үйдөн дарыланууга жөнөтүлдү», — дейт мекеме.

Белгилей кетсек, ЖЭБде 2-февралда саат 03:00дор чамасында авария болду. Айрым маалыматтарга караганда, отказандардын бири жарылган. Бирок энергетика министри бул боюнча так маалымат бере элек.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>