Венгриянын улуттук академиясына кыргыз боз үйү белекке берилдиАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль жеңдиБишкекте «Кыялымдагы Кыргызстан» жаштар форуму өтөтОш шаарында жаңы онкологиялык борбор курулатЖамгыр, тоолорго кар жаап, түнкүсүн үшүк жүрөт: 26-октябрга карата аба ырайыБанктар сом менен чет өлкөлүк валютага караганда 15 эсе көп депозит кабыл алышты
Кыргызстанда орточо маяна 31,3 миң сомду түздү
11.07.2023 | 14:08
Кыргызстанда 2023-жылдын январь-май айларында орточо айлык акы 31 миң 330 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка караганда, айлык акы 2022-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 32%га өскөн.
“Эң олуттуу өсүш искусство, мамлекеттик башкаруу жана коргонуу, кыймылсыз мүлк, маалымат жана коммуникациялар, билим берүү, коомдук тамактануу, дүң жана чекене соода, унаа оңдоо, жүк ташуу жана сактоо тармагы, ошондой эле саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан тейлее тармагында байкалган, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз