Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Бишкектен Шарм-эль-Шейхке түз аба каттамдары ачылды
30.11.2022 | 16:01
Египеттин “Red Sea Airlines” авиакомпаниясы Шарм-эль-Шейх – Бишкек – Шарм-эль-Шейх багыты боюнча чартердик каттамдарды ачты. Учуулар ыңгайлуу Boeing 737-800 учактарында ишке ашырылат. Бул тууралуу “Манас” аэропортунан билдиришти.
Быйыл күз-кыш мезгилине биринчи чартердик рейс 30-октябрда “Манас” эл аралык аэропортунан Египетке учуп кетти.
“Белгиленген убакыттан бери Шарм-эль-Шейхке үч чартердик каттам аткарылды. Төртүнчүсү 29-ноябрга пландалууда”, – деп билдирди аэропорттун басма сөз кызматы.
Мындан тышкары, Бишкек-Шарм-эль-Шейх каттамына байланыштуу бардык суроолор боюнча аэропорттун өкүлдөрү авиакомпания менен түз байланышуу зарылдыгын билдиришти.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом