Атасы керээз калтырган: Сузакта карындашы агасын сотко берди

Атасы керээз калтырган: Сузакта карындашы агасын сотко берди

Сузак районунда үй-бүлөлүк чырдан улам карындашы агасын сотко берди. Иш Жогорку сотто каралып, чечим чыгарылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук “Адилеттүүлүк” укук коргоо уюмунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Сузак районунун тургуну Жаныбек (Ж.Т – аты өзгөртүлдү) атасынын жеринен 146 түк чөп алып кеткен. Чөптү анын карындашы Танымгүл (Т.Э. – аты өзгөртүлдү) даярдагандыктан, ал агасына нараазы болуп, аны сотко берген. Аял бардык чыгымдарды эске алуу менен 41 миң сом зыян келтирилгенин айткан.

Сузак райондук соту эки тарапты тең угуп, «арыздануучу жердин ээси экенин далилдей алган жок» деген жүйө менен келтирилген чыгымдын ордун толтуруу боюнча арызды канааттандырган эмес. Бирок Тынымгүлдүн колунда каза болгон атасынын керээзи болгон. Документти райондук сот эмнегедир эске алган эмес.

Сузак районунун 1929-жылы туулган тургунунун керээзинде: «Мен өлгөн күнү мага таандык болгон бардык мүлктөр кайда, эмне болсо да мен аларды Тынымгүлгө мурас катары калтырам», — деп айтылат.

Сотто маалымдалгандай, Тынымгүл атасынын өмүрүнүн акыркы жылдарында ага кам көргөн. Ыраазычылык иретинде атасы ага мүлктөрүн мураска калтырган. Ата керээзинде да ушул 1,24 гектар чөп чабууга бөлүнгөн жер көрсөтүлгөн. Ал эми жалгыз агасы атасынын жанында болгон эмес. Бул үй-бүлөнү жакындан билгендер Жаныбек аялынын таасиринен улам атасынан алыстап кеткенин айтышат.

Тынымгүлдүн кызыкчылыгын коргогон «Адилеттүүлүк»  укук коргоо уюмунун жактоочусу Равшан Абдуллаев Жалал-Абад облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган.

Ал арада Жаныбек облустук сотко кайрылып, ден соолугуна байланыштуу соттук процесстерди токтото турууну өтүнгөн. Бирок облустук сот дарыгерлердин медициналык корутундусун жана иштин материалдарын карап чыгып соттук отурумдарды жылдыруу өтүнүчүн канааттандырган эмес. Ал эми Тынымгүлдүн даттануу арызын канааттандырган.

Жаныбек буга макул болбой, облустук соттун чечимин жокко чыгарып, биринчи инстациядагы чечимди күчүндө калтыруу өтүнүчү менен Жогорку сотко кассациялык даттануу менен кайрылган.

«Жогорку сот экинчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырып, кассациялык даттанууну канааттандырган жок. Бул чечим боюнча агасы карындашына 41 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирилди», — деп айтылат маалыматта. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>