Бишкектин 46 мектебинде балдар үчүн лагерлер ачылат

Бишкектин 46 мектебинде балдар үчүн лагерлер ачылат

Бишкек шаарынын 46 мектебинде 16-июндан тарта балдар үчүн лагерлер ачылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, лагерлер социалдык жактан корголбогон үй-бүлөлөрдөгү балдардын жана өспүрүмдөрдүн, ошондой эле мектеп алдындагы лагерлерде окуган активисттердин жана отличниктердин жайкы эс алуусу үчүн ачылат. Аларда жалпысынан 4470 бала эс алат.

Райондук билим берүү борборлору лагерлерде жайкы тарбиялык-ден соолукту чыңдоо кампаниясын уюштуруу, координациялоо жана контролдоо, окуучулардын эс алуусун пландаштыруу жана ийримдердин жана короо клубдарын уюштуруу боюнча жооптуу адистер бекитилген.

Ысык-Көлдүн жээгинде балдардын эс алуусун уюштуруу боюнча мэриянын билим берүү башкармалыгы июль айында шаардын жалпы билим берүү уюмдарынын 230 окуучусу үчүн жайкы лагерлерге жолдомолорду сатып алууга тендер жарыялады.

Тендердик конкурстун жыйынтыгы боюнча балдар Сары-Ой айылындагы «Жалын» балдардын ден соолукту чыңдоо комплексине барышат.

«Жалын» балдардын ден соолукту чыңдоо комплексине Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгынын, райондук билим берүү борборлорунун жана МСЭКБ кызматкерлеринин ичинен комиссиянын баруусу уюштурулду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: лагер

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>