Бишкектин айрым көчөлөрүнө майрам күндөрү кыймылга чектөө киргизилет

Бишкектин айрым көчөлөрүнө майрам күндөрү кыймылга чектөө киргизилет

Бишкектин айрым көчөлөрүнө 30-декабрдан 1-январга чейин кыймылга чектөө киргизилет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, чектөөлөр Жаңы жыл майрамына карата киргизилет. Кыймыл чектеле турган жерлер:

Чүй проспекти Эркиндиктен Панфиловго чейин — 30-декабрь саат 14:00дөн 1-январь саат 07:00гө чейин;

Киев көчөсү Эркиндиктен Панфиловго чейин — 31-декабрь саат 14:00дөн 1-январь саат 07:00гө чейин (коомдук транспорт гана жүрөт);

Панфилов көчөсү Чүйдөн Киев көчөсүнө чейин убактылуу эки тараптуу болот — 30-декабрь саат 14:00дөн 1-январь саат 07:00гө чейин.

Бул күндөрү Эркиндик проспектине (эки тарабынан тең) Чүйдөн Киев көчөсүнө чейин унааларды токтотконго болбойт.

Майрам күндөрү машиналарды Жогорку Кеңештин имаратынын түндүк жана чыгыш тарабына, ошондой эле Раззаков, Орозбеков, Панфилов (Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишине) көчөлөрүнө токтотууга болот.

Жаңы жыл түнү мэрия «Ала-Тоо» аянтынан шаардын чар тарабына коомдук транспорт уюштурат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>