Кыргызстандык спортчулар Ташкентте өтө турган ат менен секирүү турнирге катышат

Кыргызстандык спортчулар Ташкентте өтө турган ат менен секирүү турнирге катышат

Кыргызстандык спортчулар Ташкентте 20-апрелде баштала турган ат менен секирүү боюнча турнирге катышат. Бул тууралуу Азия ат спорту федерациясынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, секирүү боюнча турнирлердин алкагында Дүйнөлүк кубоктун этаптары жана Евразия Лигасынын Улуттар Кубогу, Евразия Ассоциациясынын Кубогу жана башка мелдештер өткөрүлөт.

Спортчулардын квалификациясы үчүн алдыдагы мелдештер маанилүү. Бардык этаптарда зарыл болгон упайлардын саны менен кыргызстандыктар август айында Данияда өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна, 2022-жылы сентябрда Барселонада жыл сайын өтүүчү Улуттар Кубогунун чоң финалына катыша алышат, ошондой эле 2023-жылдын апрелинде Лас-Вегаста
финалдык Дүйнө чемпиондугуна катыша алышат.

Мелдешке Армения, Азербайжан, Германия, Грузия, Иран, Катар, Казакстан, БАЭ, Оман, Пакистан, Польша, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан, АКШ жана Финляндиядан келген атчандар катышат.

Мелдештер Эл аралык ат оюндары федерациясынын жана Азия ат оюндарынын федерациясынын колдоосу астында өтөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>