Бишкектин ардактуу атуулу Абдразак Мокенов жерге берилди

Бишкектин ардактуу атуулу Абдразак Мокенов жерге берилди

Бүгүн, 9-февралда Бишкек шаарынын ардактуу атуулу, Свердлов районунун Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жана эмгекчилеринин кеңешинин төрагасы, коомдук ишмер Мокенов Абдразак Мокенович акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Коштошуу зыйнатына мэр Эмилбек Абдыкадыров, Бишкек шаардык  кеңешинин төрагасы Кубанычбек Конгантиев баштаган  шаар бийлиги, коомдук ишмерлер, кесиптештери жана жакындары катышты.

Абдразак Мокенов совет бийлигинин жылдарында борбор калаанын борборун реконструкциялоонун масштабдуу курулуш программаларын ишке ашырууга активдүү катышкан.

“Кыргызгипростройдон”  баштап, 1967-жылдан Ош облустук аткаруу комитетинин курулуш жана архитектура бөлүмүнүн  башчысы, 1976-жылы Кыргыз ССР Мамлекеттик курулуш комитетинин төрагасынын  биринчи орун басары, 1980-1985-жылдары Фрунзе шаардык эл депутаттарынын кеңешинин төрагасы,  Кыргыз ССР Министрлер Советинин аппаратынын жооптуу кызматкери болуп иштеген.

Ал 1936-жылы Түп районундагы Кең-Суу айылында туулган.

Абдразак Мокенов 7-февралда 87 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Маркумдун сөөгү «Ала-Арача» көрүстөнүнө жерге берилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>