Чүйдө жер төлөдө криптовалюта чыгарган ферма аныкталды — видео

Чүйдө жер төлөдө криптовалюта чыгарган ферма аныкталды — видео

Токмок шаарынын аймагынан мыйзамсыз майнинг-ферма аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Ведомствонун басма сөз кызматынан белгилешкендей, Чүй облусунун Токмок шаарынын Шамшы көчөсүндө жайгашкан «Автотранспорт айдоочулар союзунун Токмок шаардык кеңеши» коомдук бирикмесинин гараждык кооперативинде мыйзамсыз түрдө криптовалюта чыгаруу боюнча иш жүргүзгөн майнинг-ферма аныкталган.

«Токмок шаардык салык кызматынын, райондук электр станциясынын кызматкерлеринин жана 1988-жылы туулган Д.Т.А. аттуу кыргыз жарынын катышуусунда гараждардын ичинде жайгашкан жер төлөөлөрдөн «S9» жана «L3″ үлгүсүндөгү 24 даана криптовалюта жабдуулары табылып алынды», — деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда бул жабдуулар электр эсептегичтерин айланып өтүп, Токмок электр бөлүштүрүүчү зонанын тармагына түз кошулган.

Алдын ала маалыматка ылайык, электр энергиясын пайдалануу мөөнөтүнүн негизинде мамлекетке 1 млн сомго жакын зыян келтирилген. Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>