Депутат Ханджеза кыргыз тилин өнүктүрүү маселесин көтөрдү   

Депутат Ханджеза кыргыз тилин өнүктүрүү маселесин көтөрдү   

Бүгүн, 9-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Карим Ханджеза кыргыз тилинин макамын жогорулатуу боюнча маселе көтөрдү.

Анын айтымында, коомду жана өзгөчө өсүп келе жаткан муунду идеологиялык, руханий жактан тарбиялоо аксап жатат.

“Жаштар арасында руханий өнүгүүгө умтулуу, улууларга сый-урмат көрсөтүү, ата-мекенге сүйүү, айлана-чөйрөгө жакшы мамиле төмөндөп, моралдык жактан алсыз болуу тенденциясы байкалууда. Ал тургай жаштардын өз өмүрүнө кол салуусу катардагы көрүнүш катары кабыл алынууда. Ошондой эле илимге, искусствого, спортко болгон кызыгуу таптакыр жок. Көбүнчө блогер болууну, тез аранын ичинде баюуну самагандар арбын. Ага ылайык, идеологиялык, патриоттук, руханий тарбиялоо багытына көңүл буруп, бул жаатта мамлекеттик саясатты өркүндөтүүнү сунуштайм”, – деди депутат.

Муну менен катар ар бир билим берүү мекемесинде идеологиялык тарбиялоо сабактарын киргизүү зарыл экенин кошумчалады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>