Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
Бишкектин айрым аймактарында үч күнгө газ өчүрүлөт — райондор
05.08.2026 | 11:14

5-августтан 7-августка чейин Бишкектин бир бөлүгүндө жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат, деп билдирет «Бишкекгаз» ишканасынын басма сөз кызматы.
Газ берүүнү токтотуу орто басымдагы жер астындагы газ куурунда оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу экени такталды.
Газ Лермонтов, Ленин жана Калинин көчөлөрү, темир жол линиясы, Жибек Жолу проспектиси жана Чоң Чүй каналы (ЧЧК) менен чектелген аймакта өчүрүлөт. Ошондой эле чектөөлөр Энергетиктер шаарчасына, «Аламүдүн-1» кичи районуна, Куруучулар шаарчасына, «Учкун» кичи районуна, «Учкун» конушуна, АГНКСке жана «Бишкексут» ишканасына тиешелүү болот.
«Бишкекгаз» убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге газ өчүрүлгөн мезгилде энергиянын альтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом