Бишкекте сүрөтчү Абдыжапар Омурчиевдин жаркын элесине арналган көргөзмө ачылат

Бишкек шаарында Кыргызстандын эмгек сиңирген сүрөтчүсү Абдыжапар Омурчиевдин «Искусстводо калган түбөлүк элес» аттуу жеке көргөзмөсү ачылат. Анын ачылышы 7-августта Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде саат 15:00дө өтөт.
Маданият министрлигинин маалыматында, көргөзмө сүрөтчүнүн өмүр жолуна жана анын кыргыз көркөм өнөрүнө кошкон салымына арналат. Анын эмгектеринин негизги темасы — кыргыз элинин этномаданий дүйнөсү жана көчмөн цивилизациясынын мурасы. Көргөзмөгө коюлган чыгармаларда кыргыз жаратылышы, улуттук кийимдер, комуз, боз үй, бүркүт, петроглифтер жана оймо-чиймелер чагылдырылган.
Иш-чара маркум сүрөтчүнүн чыгармачылыгын даңазалоо жана анын көркөм мурасын коомчулукка таанытуу максатында уюштурулууда. Көргөзмө 23-августка чейин уланат.