Кыргызстан алты айда 20 миң тоннага жакын сүт азыктарын экспорттоду

2026-жылдын биринчи жарымында Кыргызстан чет өлкөлөргө жалпы 19 миң 915,55 тонна сүт продукциясын экспорттоду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстан чет өлкөлөргө эң көп балмуздак экспорттогон, анын көлөмү 2 миң 339 тоннаны түзөт. Андан кийинкы орунда сыр турат, ал 674,54 тонна өлчөмдө экспорттолгон. Мындан тышкары өлкө төмөнкү сүт азыктарын сет өлкөгө чыгарган:
- кымыз жана курут сыяктуу кычкыл сүт азыктары — 197,77 тонна;
- сүт сывороткасы — 189 тонна;
- сары май — 100,56 тонна.
Мындан тышкары, жарым жыл ичинде чет элдик базарларга 228,84 тонна табигый бал жөнөтүлгөн.
Министрлик бул көрсөткүчтөр кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн продукциясына тышкы рыноктордо суроо-талаптын туруктуулугун жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдүн кеңейип жаткандыгын көрсөтөрүн билдирди. Учурда айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана экспорттук дараметти жогорулатуу багытындагы иштер улантылууда.