Панфилов атындагы паркта жаңы амфитеатр ачылдыБишкектин айрым көчөлөрүндө 15-октябрда ичүүчү суу өчүрүлөтКыргызстан менен Орусиянын саламаттыкты сактоо министрлери Москвада кызматташтыкты талкуулаштыСадыр Жапаров Азербайжанга иш сапары менен баратКараколдо май куюучу жай мыйзам бузуулар менен курулганы аныкталып, айып пул салындыСанариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу кызмат мындан ары IMEI-коддорду текшерүү ишмердүүлүгүнө лицензия бербейт
Бишкектин борбордук аймагында таза суу убактылуу өчүрүлөт
30.09.2025 | 17:30
2-октябрда Бишкек шаарынын борбордук аймагында саат 9:00дөн 17:00гө чейин ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет:
- Чүй проспектиси, М.Фрунзе көчөсү, Манас проспектиси, Жибек Жолу проспектиси Ала-Арча дарыясына чейин;
- Турусбеков көчөсү, Баялинов көчөсү, Абдрахманов көчөсү.

«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, шаар тургундарына ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну эскертти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом