Бишкекте айыл чарба азыктарынын жарманкеси өтүүдө. Дареги

Бишкекте айыл чарба азыктарынын жарманкеси өтүүдө. Дареги

Бишкек шаарында 30-ноябрь жана 1-декабрь күндөрү азык-түлүк продукциясы жана керектелүүчү товарлардын жарманкесин өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Жарманкенин максаты, ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо менен бирге айыл чарба продукцияларын шаар тургундарына дүң баада сатуу болуп саналат. Ошондой эле, Министрлик Кыргызстандын баардык фермер-дыйкандардын продукциясын сатууга шарт түзүп берет.

Белгилей кетсек, жарманке ар жуманы дем алыш күндөрү өткөрүлүп келүүдө.

Жарманке Бишкек шаарынын Н.Жетикашкаева жана А.Токомбаев көчөлөрү (12 кичирайону), Түгөлбай-Ата көчөсү, Эркиндик жана К. Тыныстанов (ЖД Вокзал) көчөлөрүнүн кесилиштеринде өтөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: жарманке

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>