Диетолог идеалдуу кечки тамак кандай болушу керектигин айтты

Диетолог идеалдуу кечки тамак кандай болушу керектигин айтты

Организм эс алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу үчүн кечки тамак жеңил жана минималдуу калориялуу тамак-аштан турушу керек. Бул тууралуу диетолог Ирина Писарева билдиргенин Lenta.ru басылмасы жазды.

Диетологдун айтымында, кечки тамак жеңил болушу керек, анткени адам энергия сарптагандыктан кечинде организм эс алууга муктаж болот.

“Тамакты сиңирүү абдан чоң жумуш. Кечки туура тамактануу менен адамдын уйкусу жакшырып, эртең менен жакшы маанайда ойгонот. Толук кандуу кечки тамак – бул бышырылган балык, жашылчалар, салат же меште бышкан үндүк, гарнирге кошумча катары жумуртка же буурчак колдонууга мүмкүн. Ал эми козу карын, уй эти сиңирүү үчүн көп убакыт талап кылынган азыктар болуп саналат”, — дейт Ирина Писарева.

Диетолог белгилегендей, уктаарга 2-3 саат калганда тамактануу керек.

«Тамакты сиңирүү үчүн уктаарга 2-3 саат калганда тамактануу зарыл. Анткени уктап жатканда дене эс алат, жаңыланат, иммунитет жогорулайт”, — дейт ал.

Ошондой эле, ал жаңы жыл майрамында организм кыйналбаш үчүн адамдарды тең салмактуу тамактанууга үндөдү.

“Бул жагынан «тарелка эрежеси» сизге жардам берет. Мисалы, тарелкаңыздын жарымында жашылчалар же салаттар, төрттөн биринде оливье сыяктуу майонез менен жасалган «оор» салаттар болсун, ал эми калган орун эт, балык же канаттуунун этине калсын”, — дейт адис.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>