Кыргызстандын ар бир тургунуна чекене соодадан 159 миң сомдон туура келгенОктябрдан апрелге чейин кумшекер импортуна тыюу салуу: «Кант» агрокластеринин сандар менен түшүндүрмөсүКыргызстанда жасалма эсеп-фактуралар жана жалган бизнес үчүн жоопкерчилик күчөтүлөтКөрүүнү кантип сактоо керек: Бишкек ден соолук борборунун адистеринин сунуштарыТрамп АКШнын рыногуна орусиялык дизелдик күйүүчү май жеткирилерин жарыяладыКыргызстанда бир жылда 19,6 млрд кВт·саат электр энергиясы керектелери күтүлүүдө
Кыргызстанда жасалма эсеп-фактуралар жана жалган бизнес үчүн жоопкерчилик күчөтүлөт
10.10.2026 | 12:00

Президент Садыр Жапаров «Ак ниет салык төлөөчүлөрдү коргоонун укуктук кепилдиктерин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, документ салык системасын модернизациялоого, ак ниет салык төлөөчүлөрдү коргоого жана бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Ведомстводон түшүндүрүшкөндөй, негизги чаралар салык төлөөдөн качуу схемаларын уюштурган жана колдонгон адамдарды аныктоого багытталат.
Документте төмөнкү чаралар каралган:
- ак ниет эмес салык төлөөчүлөрдүн реестрин түзүү;
- жасалма электрондук эсеп-фактураларды колдонгондугу жана бизнести жалган (подставной) адамдарга каттаткандыгы үчүн жоопкерчиликти киргизүү;
- бизнестин чыныгы ээлерин жана аны иш жүзүндө башкарган адамдарды жоопкерчиликке тартуу;
- жарандарга өз атына юридикалык жактарды жана жеке ишкерликти каттоого ыктыярдуу түрдө тыюу салууга мүмкүндүк берген «өзүнө тыюу салуу» механизмин киргизүү;
- ишеним каттарды жана квалификациялуу электрондук кол тамгаларды колдонууга көзөмөлдү күчөтүү;
- салыктык башкаруунун ачык-айкындуулугун жогорулатуу үчүн мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларын мындан ары санариптештирүү жана интеграциялоо (бириктирүү).
Жарлыкта укук коргоо органдарынын каржы-чарбалык ишмердүүлүккө негизсиз кийлигишүүсүнөн бизнести коргоого өзгөчө көңүл бурулган. Атап айтканда, салык салууга байланышкан кылмыш иштери боюнча прокурордук көзөмөлдү жана ведомстволор аралык көзөмөлдү күчөтүү каралган.
МСК бул жаңы чаралар мамлекеттин кызыкчылыктары менен ишкерлердин укуктарынын ортосундагы тең салмактуулукту камсыз кылууга багытталганын белгилейт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом