Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы башчысы менен УКМК төрагасынын мурдагы орун басары пара алууга айыпталууда

Кыргызстандын саламаттыкты сактоо боюнча мурдагы министри Каныбек Досмамбетовго жана УКМК төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Курванбек Авазовго ишкерден өзгөчө ири өлчөмдө пара алуу боюнча айып коюлду. Бул тууралуу Аскер прокуратурасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алардын экөөнө тең кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча да айып тагылган. Алар убактылуу кармоочу жайга (УКЖ) киргизилди.
Эске салсак, 9-октябрда алардын кармалганы белгилүү болгон.
Досмамбетов Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилигине дайындалганга чейин, 2023–2025-жылдары УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгын жетектеп турган.
Курванбек Авазов 2024-жылы УКМК төрагасынын орун басары болуп дайындалган. 2025-жылы ведомство жетекчисинин биринчи орун басары кызматына келип, 2026-жылдын кышында ээлеген кызматынан бошотулган.