Бишкектин мэри Баткенден чыккан 10 жашар манасчыга белек тапшырды

Бишкектин мэри Баткенден чыккан 10 жашар манасчыга белек тапшырды

Бишкек шаарынын  мэри Эмилбек Абдыкадыров 10 жаштагы манасчы Касымбек Бердикуловду кабыл алды.

Мэриядан билдиришкендей, Касымбек Бердигулов Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы чек арада жайгашкан Жети-Таш айылында жашайт. Учурда Шер Ташполотов атындагы орто мектебинде 4-класста окуйт.  Ал  33 миң 200 окуучу катышкан “Манас таануу” телетаймашынын уюштуруу тобу менен 44 район, 32 шаарды кыдырып,  Манас айтып келген.

“Манастын 3 окуясын жатка билген Касымбек мэрге анын бир окуясынан үзүндү айтып берди. Баарлашуу учурунда мэр Касымбектин Манас дүйнөсүнө кандайча аралашып калгандыгына кызыкты. Анда ал, айылына чоң манасчылар баргандыгын, ошондон улам кызыгуусу артып, инисине Манасты айтып берип,  жаттатып жүрүп, өзү дагы аралашып кеткендигин сөз кылды”, — деп айтылат маалыматта.

Кичине манасчыга калаа башчысы ыйык өнөрдү аздектеп жүргөндүгүнө ыраазычылыгын айтып, белектерин тапшырды.

Касымбек Бердигулов Баткен облусунан чыккан кичинекей манасчы.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>