Ошто «Мыйзам, тартип жана жоопкерчилик» аттуу форум өттү

Ошто «Мыйзам, тартип жана жоопкерчилик» аттуу форум өттү

Ош облусунда бүгүн, 24-март күнү «Мыйзам, тартип жана жоопкерчилик» аталышындагы форум өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Форум Ош шаарындагы Jannat Resort мейманканасында Ош облусунун аймагында укук бузуулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук алдын алуу борборлорунун өкүлдөрүнүн, коомчулуктун жана ички иштер органдарынын кызматташуусун бекемдөө максатында өткөрүлгөн.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдаинов, Ош ОИИБнин начальниги Жеңишбек Жоробеков сөз сүйлөп, облус аймагындагы укук бузууларды алдын алууда коомдук алдын алуу борборлорунун ролу, жетишкендиктери жана милиция менен коомчулуктун ортосундагы мамилени бекемдөөдөгү салымы тууралуу сөз кылышкан.

Ал эми, Saferworld эл аралык уюмунун жергиликтүү өкүлчүлүгүнүн кеңсе башчысы Стефан Стоянов, Милициянын көчмө кабылдамасын колдоо ассоциациясынын директору, милициянын отставкадагы полковниги Шамшыбек Мамыров жана Ош облусунун прокурору Максат Асаналиев өздөрүнүн багыттары боюнча аткарылган иштер тууралуу баяндама жасаган.

«Бул форумдун максаты коомдук алдын алуу борборлорунун жумушун жандандыруу, алардын көйгөйлөрүн чечүү. Белгилей кетсек, Ош облусунда 90дон ашуун коомдук алдын алуу  борбору  иштейт. Анын баарында эле шарт жаралган эмес. Бирок ага карабай кылмыштуулукту алдын алуу, үй-бүлөлүк  зордук зомбулуктарды, балдар арасында  катталган  кылмыштуулукту жоюу боюнча коомдук алдын алуу борборунда жайгашкан аксакалдар соту, аялдар кеңеши, ошондой эле жаштар координаты, милициянын аймактык тескөөчүлөрү менен биргеликте жарандардын арыз-даттанууларын кабыл алышып, иш алып барышат.

Коомдук алдын алуу борборунун кызматкерлери негизинен  элдин кайрылууларын кабыл алып, жардам көрсөтүп, укук бузуулардын алдын алууга багытталган жолугушууларды уюштурат. Мында кызматкерлер жарандардын жазуу жана оозеки кайрылууларын кабыл алат, жергиликтүү калкка көйгөйлөрдү чечүүдө практикалык жардам көрсөтөт», — деп билдирет министрлик.

Иш-чаранын сонунда аталган борборлордо иштеген тажрыйбалуу кызматкерлердин сунуш-пикирлерин эске алуу менен резолюция кабыл алынган.

Ошондой эле, кылмыштуулук жана укук бузуулардын алдын алууда ИИОнун кызматкерлери менен тыгыз кызматташкандыгы үчүн аталган борборлордун мүчөлөрү президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү жана Ош ОИИБи тарабынан Ардак грамоталар менен сыйланган.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>