Бишкекте сейил бак менен бассейнди ижарага берүү үчүн аукцион өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Аукцияон 20-сентябрда өтөт.
Мэрия Асанбай кичирайонунда «Г.Айтиев көчөсү 2/1» дарегинде жайгашкан аянты 329 чарчы метр болгон бассейнди ижарага берет. Бассейнге караштуу жердин аянты 1063 чарчы метрге жетет (ЛОТ №1958.1).
Ошондой эле шаар бийлиги Бишкектин түштүк-чыгыш тарабындагы Кыргызстандын жана Азербайжандын Достук сейил багын ижарага берет. Анын аянты 5,5 гектарды түзөт (ЛОТ № 1948.1).
Аукционго катышуу үчүн электрондук санариптик кол тамга флеш-картасын сатып алып, https://auctionetp.gov.kg/msu/ шилтемеси аркылуу катталып, аукциондук лотту таап, маалыматтарды толтуруп, андан кийин төлөм коду аркылуу катышуу үчүн белгиленген сумманы төлөө керек.
Аукционго катышуучунун жол-жобосу менен төмөнкү шилтемеден таанышууга болот: https://docs.google.com/…/1cyipUwvq…/edit