Бишкек милициясынын башчысынын сөздөрү боюнча териштирүү жүрүүдө

Бишкек милициясынын башчысынын сөздөрү боюнча териштирүү жүрүүдө

Бишкек шаардык милициянын башчысы Азамат Ногойбаевдин «Фейсбуктагы» түз эфирде айткан сөздөрүнө байланыштуу ИИМдин Ички иликтөө кызматы кызматтык териштирүү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 31-мартта Азамат Ногойбаев зордукталгандан кийин өз жанын кыйган 13 жаштагы кыздын иши тууралуу айтып жатып, өспүрүм кыздар эркектер менен өз каалоосу менен жатып, андан кийин ушундай «окуялар» болуп жатканын айткан.

«Акыркы мезгилде дайынсыз жоголгон кыздар мындай учурга туш болуп жатат: бирөөлөр менен таанышат, ыктыярдуу түрдө алар менен жатып, анан ушундай окуялар болуп калууда. Албетте, жашы жете электер менен сексуалдык байланышта болгондорго жоопкерчилик каралган, ошондуктан эч ким жазасыз калбайт. Өз жанын кыйган кыз да турмушка чыгууну каалаган. Анын жашы жете элек болгондуктан, ушундай окуя болуп калды», — деген ал.

Эскерте кетсек, 2021-жылы ноябрь айында 13 жаштагы кыз жоголуп, үч күндөн кийин табылган. Кыз табылгандан кийин зордукталганы белгилүү болгон. 2022-жылы апрель айында өспүрүм кыз өз жанын кыйган.

Башкы прокуратура билдиргендей, бул кылмыш ишин иликтөөдө милиция жана медицина кызматкерлери тарабынан «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «далилдерди бурмалоо» болгон. Ага байланыштуу соттук-медициналык эксперт жана эки тергөөчү кармалган. Андан тышкары, зокдуктоого шектүү милиция тарабынан камакка алынбагандыктан, быйыл январь айында шектүү камакка алынган.

Ошондой эле, тергөөнү токтотуу тууралуу милициянын чечими жокко чыгарылып, иш прокуратура тарабынан иликтенүүдө.

Зордукталган өспүрүм кыз өз жанын кыйды. Башкы прокуратура үн катты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>