31-октябрда Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйтКасым-Жомарт Токаев Орусияны ТМУга кабыл алууну сунуштадыКырсык себеп болгон: Бишкек мэриясы жаңы каптаманын бузулушунун себебин атадыКыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйындаСадыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирди
Грузиядан алдамчылыкка айыпталган эки адам Кыргызстанга экстрадицияланды
06.10.2026 | 12:25

Грузиядан алдамчылыкка айыпталып, издөөдө жүргөн эки жаран Кыргызстанга экстрадицияланды. Аларды Кыргызстанга жеткирүүнү Башкы прокуратуранын тапшырмасынын негизинде Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жүргүздү.
Т.К. аттуу жаран Көк-Жар айылындагы аянты 27,9 гектар болгон жер тилкесине тиешелүү документтерди жасалма жасап, кийин аны үчүнчү жактарга саткан деп айыпталууда.
Ал эми Н.Т. аттуу жаран жасалма документтердин негизинде автоунааны ээлеп алып, кийин аны сатып жиберген. Натыйжада материалдык зыян келтирилген.
Өлкөгө келгенден кийин эки шектүү тең убактылуу кармоочу жайга камалды.
Көзөмөл органы тергөө органдарынан жашырынып, чет өлкөлөрдө жүргөн жарандарды Кыргызстанга кайтаруу боюнча иштерди жүргүзүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: Генпрокуратура