Бишкектин жолдорундагы атайын тилкелерди таксилер жана атайын техникалар үчүн ачуу мүмкүнчүлүгү каралууда

31.05.2026 | 10:30
Бишкектеги коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилке

Жолдор боюнча штабдын жыйынында атайын тилкелерге атайын транспорттордун — коммуналдык техникалардын кирүүсүнө уруксат берүү сунушу айтылды.

Ошондой эле Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиевдин айтымында, кийинки жыйында такси кызматтарынын автоунааларына атайын тилкелерге кирүүгө макулдук берүү боюнча башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы каралат.

Мындан тышкары, ал Бишкек мэриясынын концепциясына ылайык, «борбор калаанын жолдорундагы коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкелер иштеши керектигин жана буга байланыштуу коомдук транспорт артыкчылыкка ээ болушу зарылдыгын» билдирди».

Алиевдин айтымында, автобустар артыкчылыкка ээ боло турган көчөлөр аныкталган — алар Жибек Жолу проспектиси, Абдрахманов, Курманжан датка жана Ахунбаев көчөлөрү.

Бишкектеги коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилке
«Биз бүгүнкү чечимибиздин элге анча жакпай турганын (непопулярдуу экенин), автоунаа сүйүүчүлөргө белгилүү бир ыңгайсыздыктарды жаратаарын түшүнөбүз, бирок коомдук транспорт бүгүнкү күндө жылына 220 миллион адамды ташып жатканын эстен чыгарбашыбыз керек. Бул — чоң көрсөткүч», — деди Алиев.

Ал «коомдук транспортту колдонгон шаардыктар тыгында турбашы керектигин, алар бара турган жерине жетүү убактысынын кыскарышы түрүндөгү белгилүү бир артыкчылыктарга ээ болушу зарылдыгын» баса белгиледи.

«Биз жеке автоунаа коомдук транспортко караганда ыңгайлуураак экенин түшүнүшүбүз керек. Буга байланыштуу мэрия коомдук транспортко артыкчылык берүү саясатын улантат», — деп жыйынтыктады Алиев.
Scroll to Top