Шаар тургундары менен жолугушуулардын жыйынтыгы — Бишкек мэрине 1,4 миң кайрылуу келип түштү

Бишкекте мэр Айбек Жунушалиевдин борбор калаанын тургундары менен жолугушуулары аяктады, деп билдиришти муниципалитеттен.


Маалыматка караганда, 25–26-май күндөрү Октябрь районунун тургундары менен жолугушуулар өттү. Эки күндүн ичинде кабыл алууга 850дөн ашык адам келди. Буга чейин ушундай эле жолугушуулар Свердлов, Биринчи Май жана Ленин райондорунда өткөн.

Жалпысынан борбор калаанын төрт районундагы жолугушуулардын жүрүшүндө 2,5 миңге жакын тургун кабыл алынды.


Жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча 882 жарандан 1 400 кайрылуу келип түштү, алардын 400гө жакыны аткарылууга тийиш.

Суроолордун негизги бөлүгү жолдорду жана тротуарларды курууга жана оңдоого, канализация жана суу өткөрүүчү тармактарды тартууга тиешелүү болду. Ошондой эле сот жана укук коргоо органдарынын ишине байланыштуу айрым маселелер да көтөрүлдү.

Жолугушуулардын узактыгы беш сааттан сегиз саатка чейин созулду. Келечекте мурда берилген тапшырмалар жана чечилген маселелер боюнча жолугушууларды өткөрүү пландалууда.

Мэриядан белгилешкендей, бардык жолугушуулардын жыйынтыгы менен иш планы түзүлүп, жооптуу аткаруучулар аныкталат жана көтөрүлгөн маселелерди ишке ашыруу үчүн каржылоо булактары каралат.