Бизнес коомчулугу Министрлер кабинетинин бааларды жөнгө салуу ыкмаларын сынга алды
Баалардын өсүшү калк үчүн оор көйгөйгө айланды. Айлык акыларды көтөрүү да абалды толук чечпейт, анткени бардык жарандардын кирешесин бир убакта көбөйтүү мүмкүн эмес. Мисалы, быйыл негизинен мугалимдердин айлыгы олуттуу жогоруласа, өткөн жылы дарыгерлердин маянасы көбөйгөн. Бирок баалар бардык жарандар үчүн бирдей өсүп жатат.

Ушундай шартта Министрлер кабинети айрым кызматтардын баасын жөнгө салууга кийлигишүүнү чечип, тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Жогорку Кеңештин депутаттары аны биринчи окууда кабыл алышкан. Бирок экинчи окууда кароо учурунда депутаттар бизнес өкүлдөрүнүн пикирин угуп, мыйзам долбоору кабыл алынса ишкерлерге зыяны тийбейби деген суроону көтөрүштү. Натыйжада документ кайра иштеп чыгуу үчүн күн тартибинен алынган.
Андан кийин Жогорку Кеңеште «Баа түзүү жөнүндө» мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр боюнча парламенттик угуу өттү.
Эске салсак, Министрлер кабинети демилгелеген мыйзам долбоору мамлекеттин бааларды жөнгө салуудагы ыйгарым укуктарын кыйла кеңейтүүнү сунуштайт. Азыр мамлекет негизинен социалдык мааниге ээ товарлардын чектелген тизмеси боюнча гана баага кийлигише алса, мыйзамдын жаңы редакциясы иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын да жөнгө салууга мүмкүнчүлүк берет.

Документтин авторлору бул демилгени «экономикалык жактан негизделген бааларды камсыз кылуу», калкты коргоо жана тарифтердин өсүшүн ооздуктоо зарылдыгы менен түшүндүрүшөт. Мисал катары билим берүү кызматтарынын, турак жайларды оңдоонун, маданий иш-чаралардын жана такси кызматтарынын кымбатташы көрсөтүлгөн.
Мыйзам долбоорундагы негизги жаңылыктардын бири — «рентабелдүүлүк» түшүнүгүнүн киргизилиши. Ага ылайык мамлекеттик органдар товарлардын, иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн өздүк наркынан 25%дан ашпаган рентабелдүүлүк деңгээлин белгилей алышат. Демилгечилердин пикиринде, бул бизнеске өнүгүүгө мүмкүнчүлүк берип, ошол эле учурда негизсиз баа өсүшүнө жол бербейт.
Бирок бизнес өкүлдөрү бул демилгени кескин сынга алышты.
Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков мыйзам долбоорунун азыркы редакциясы дагы деле экономика жана жеке сектор үчүн көптөгөн тобокелчиликтерди камтып жатканын билдирди.

Анын айтымында, мамлекет иш жүзүндө бизнестин дээрлик бардык тармагына кийлигишип, ишкер канча киреше табышы керек экенин өзү аныктап калат.
«Мамлекеттик орган компанияга келип, кирешең канча, чыгашаң канча, кызматкерлерге канча төлөйсүң деп эсептеп туруп, рентабелдүүлүктү өзү аныктайт. Социалдык маанидеги товарлар боюнча дагы бул өтө татаал жана иштебеген механизм», — деди ал.
Сыдыков өзгөчө кызмат көрсөтүү тармагында — билим берүүдө, такси кызматында жана башка багыттарда «туура бааны» объективдүү аныктоо мүмкүн эмес экенин белгиледи.
Анын пикиринде, эгер мамлекет чындап эле инфляция жана баалардын өсүшү менен күрөшүүнү кааласа, анда рыноктук ыкмаларды колдонушу керек: атаандаштыкты өнүктүрүү, бюрократияны жана бизнеске тоскоолдуктарды азайтуу зарыл.
Ошондой эле ал коррупциялык тобокелчиликтерге өзүнчө токтолду.
«Бир чиновник бирдей эсептесе, экинчиси башкача эсептейт. Натыйжада ишкер же иштей албай калат, же пара берүүгө аргасыз болот», — деди МДС жетекчиси.
Бул демилгеге жеке билим берүү тармагынын өкүлдөрү да каршы чыгышты.
Жеке менчик мектептер ассоциациясынын жетекчиси Назира Молдобаева Кыргызстанда бүгүнкү күндө 325 жеке мектеп иштеп жатканын, анда 110 миңдей бала окуп жатканын билдирди. Бул өлкөдөгү бардык окуучулардын 11%ын түзөт.

Анын айтымында, дал ушул жеке мектептер COVID-19 пандемиясы маалында билим берүү тармагындагы жаңычылдыкты алдыга сүрөп, заманбап эл аралык методикаларды жана технологияларды киргизген.
Бирок мыйзам долбоору талкуулангандан кийин жеке мектептер окуу акысы антимонополиялык органдардын көзөмөлүнө өтүп кетет деп олуттуу тынчсызданууда.
«Эгер окуу акысын жөнгө сала баштаса, эки сценарий болушу мүмкүн: мектептердин бир бөлүгү жабылат же билим берүүнүн сапаты кескин төмөндөйт», — деди ал.
Молдобаеванын айтымында, жеке мектептерде ижара, ипотека, коммуналдык төлөмдөр жана кызматкерлердин айлык акысы сыяктуу туруктуу чыгымдар бар. Алар жыл бою төлөнөт, ал эми окуу акысы болгону окуу айларына гана алынат.
Телеком тармагынын өкүлдөрү да бул демилгени колдогон жок.
Байланыш операторлорунун ассоциациясынын өкүлү Эльдар Давлетов мыйзам долбоору инвестициялык климатка жана атаандаштык чөйрөсүнө олуттуу сокку уруусу мүмкүн экенин айтты.

Анын айтымында, телекоммуникация тармагы буга чейин эле мамлекет жана антимонополиялык мыйзамдар аркылуу жөнгө салынып келет, ал эми кошумча кийлигишүү жаңы тобокелчиликтерди гана жаратат.
Ал Кыргызстанда байланыш жана интернет кызматтары жогорку атаандаштыктын аркасында КМШ өлкөлөрүнүн ичиндеги эң жеткиликтүү кызматтардын бири бойдон калып жатканын белгиледи.
«Бүгүнкү күндө баалардын өсүшүн кармап турган негизги фактор — бул атаандаштык», — деди Давлетов.
Бизнес өкүлдөрү мыйзам долбоорун олуттуу кайра иштеп чыгууну же аны кайрадан өкмөткө кайтарып берип, бизнес коомчулугу менен биргеликте жаңылап иштеп чыгууну сунушташты.

Жалпысынан бизнес өкүлдөрү көптөгөн тармактар буга чейин эле мамлекеттик көзөмөлдө экенин жана өзүнчө мыйзамдар менен жөнгө салынып жатканын белгилешет. Министрлер кабинети дагы мамлекеттин жеке бизнеске ашыкча кийлигишүүсү көп учурда коррупциянын өсүшүнө, атаандаштыктын азайышына жана айрым тармактардын деградациясына алып келерин буга чейин бир нече жолу көргөн.
Ошол эле учурда баалардын өсүшү калк үчүн чындап эле оор көйгөй бойдон калууда. Жеке мектептердеги окуу акысы, такси кызматтары жана башка айрым сервистер акыркы жылдары ушунчалык тез кымбаттап кеткендиктен, алар бай катмар үчүн гана жеткиликтүү болуп бара жатат. Дал ушул себептен мыйзам долбоорунун айланасындагы талкуу коомчулукта чоң резонанс жаратты.