Ички иштер министрлигине 370 жаңы кызматтык автоунаа тапшырылды

Бүгүн, 26-майда, Бишкек шаарындагы эски аянтта Ички иштер министрлигине санариптик технологиялар менен жабдылган 370 даана жаңы кызматтык автоунааны тапшыруу аземи өттү. Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.
Аземде сүйлөгөн сөзүндө өкмөт башчы коомдук коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуу мамлекеттин өнүгүүсүнүн негизги шарты экенин белгиледи. Анын айтымында, акыркы беш жылдын ичинде ИИМдин тутуму үчүн 280 жаңы имарат курулуп, 300гө жакын объект реконструкцияланган.
Мындан тышкары минкаб башчысы «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында учурда республика боюнча 10 миңге жакын видеокөзөмөл камералары иштеп жатканын, ал эми 2026-жылдын аягына чейин алардын санын 20 миңге жеткирүү пландалып жатканын кошумчалады.
Адылбек Касымалиев иш-чарада техникалык кайра жабдуу жеке курамдын кесипкөйлүгү жана кызматтык тартиби менен коштолушу керектигин айтып, кызматкерлерди мыйзамды сактоого жана адилеттүүлүктү камсыз кылууга чакырган.