Bloomberg орус акчасын эң таасирдүү валюта деп атады

Bloomberg орус акчасын эң таасирдүү валюта деп атады

Америкалык Bloomberg каржы басылмасы рубль жылдын эң эффективдүү валютасы болуп калды деген жыйынтыкка келген. Жыл башынан бери анын куну АКШ долларына карата 11%га өстү.

Анткен менен басылма көрсөткөн валюта курсу толук ишенүүгө татыктуу эмес экенин баса белгилейт. Алардын айтымында, көптөгөн сатуучулар рубль менен соода кылуудан баш тартышкан, анткени алардын реалдуу баасы биржадан айырмаланып турат.

Bloomberg рублдин өсүшүн Орусиянын  Борбордук банкынын Батыштын санкцияларынан кийин кысымга кабылган улуттук валютасын коргоо боюнча көрүлгөн чаралары менен түшүндүрүүдө. Атап айтканда, өлкөнүн бийликтери капиталдык көзөмөлдү киргизип, экспорттоочуларды валюталык кирешелерди сатууга милдеттендирди, газ үчүн рубль менен төлөөнүн жаңы тартиби да роль ойноду.

Ошого карабастан, басылма рублдин акыркы айлардагы олку-солкулуугу өзгөчө Аргентина менен Түркиянын тажрыйбасынын фонунда таң калыштуу деп эсептейт.

Bloomberg агенттигинин маалыматына караганда, соодагерлер жакын арада орус валютасынын курсунун төмөндөшүнө даярданып жатышат.

Буга чейин эң таасирдүү валюта катары бразилиялык реал эсептелген.

 

 

Тэги: Bloomberg рубль

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>