Садыр Жапаров Анкарада Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйландыАйрым аймактарда жаан жана кар жаайт: 30-октябрга карата аба ырайыКыргызстанда 500 мектепте шахмат ийримдери ачылып, керектүү жабдуулар жеткирилүүдөСадыр Жапаров поезд кырсыгына байланыштуу Испаниянын королу Фелипе VIга көңүл айттыУлуттук банк шылуундар жасалма сертификат колдонуп, алдамчылык кылып жатышканын эскертти«Түндүк» иштебей, күрөө катталбай жатат — мекемелердин жообу
Боксчу Анваржан Хожиев Болгариядагы мелдеште алтын утту
11.02.2024 | 21:30
Кыргызстандык боксчу Анваржан Хожиев Болгариядагы “Странджа Кубогу-2024” эл аралык мелдешинде алтын байге утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Анваржан Хожиев 48 кг салмакта күч сынашкан. Чейрек финалдагы биринчи беттешинде украиналык Денис Биленкону, андан соң жарым финалда грузиялык Сахил Аллахвердиевду жеңген.
Ал эми финалда индиялык мушкер Шаголшем Барун Сингхдини жеңип, алтын медаль тагынган.