Милиция: Ноокатта таксисттерден акча опузалагандар кармалды (видео)

Милиция: Ноокатта таксисттерден акча опузалагандар кармалды (видео)

Ош облусунун Ноокат районунда таксисттерден акча опузалап жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 22-январда райондук милицияга 40 жаштагы жаран кайрылып, С. жана Ж. аттуу жарандар Ноокат – Бишкек багыты боюнча каттаган айдоочулардан унаасын токтоткон жер жана такси болуп иштөөсү үчүн акча опузалап жатканын билдирген.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесине (Опузалап акча талап кылуу) ылайык кылмыш иши козголгон.

Милициядан билдиришкендей, ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында 61 жаштагы Ж.О. аттуу жаран атайын белги коюлган 20 миң сом акчаны алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн. Андан соң бул кылмышка шектелген экинчи адам — 31 жаштагы А.А. уулу кармалган.

Учурда кармалгандардын уюшкан кылмыштуу топко катыштыгы бар же жоктугу жана алардын башка шериктерин аныктоо иштери жүрүүдө.

Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>