КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Боом капчыгайы 17–18 – апрелде унаалар үчүн убактылуу жабылат
16.04.2025 | 11:21
17–18-апрелде Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 129, 131, 132-чакырымдарында, Боом капчыгайынын аймагында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасы кабарлады.
Мындан улам иш учурунда жол жарым-жартылай жабылат. Иштер күндүзү саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Жол тазаланган учурда унаалар бир тилке менен өткөрүлөт.
Ишкана бул иш-чаралар наа жана темир жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында уюштурулуп жаткандыгын билдирип, айдоочулардан сапарды алдын ала пландап коюуну суранды
Рубрики: Жаңылыктар, Коом