Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилди
Боомдо таштарды кулатуу үчүн жол жабылат
06.11.2021 | 14:58
Боом капчыгайында таштарды түшүрүү пландалууда. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
«Иштер 10-ноябрдан 12-ноябрга чейин, ошондой эле 15-ноябрдан 19-ноябрга чейин күндүз жүргүзүлөт. Таштарды түшүрүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 09.00дөн 15.00гө чейин ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын кызматкерлери жолду жарым-жартылай тоскондон кийин болот», – деп айтылат компаниянын маалыматында.
Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилкеге багытталат. 30-40тан ашык унаа топтолуп калса, аларды өткөрүү үчүн иш токтотулат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом