Каспийдеги кырсыктан аман калган жоокер ал-күчү түгөнгүчө кызматташын издеген

Казакстанда Каспий деңизинин жээгиндеги аскердик машыгуу учурунда болгон каргашалуу окуядан кийин ооруканага жаткырылган мөөнөттүү кызматтын жоокери Акжол Темиралиевдин абалы жакшырып баратат.
Дарыгерлердин айтымында, аскер кызматкеринин абалы кыйла жакшырып, өмүрүнө коркунуч артта калды. Учурда ал палатада өз алдынча басып, сүйлөп жана тамактанып калды.
Темиралиев Мангистау облустук көп тармактуу ооруканасынын адистеринин көзөмөлүндө болуп, зарыл болгон калыбына келтирүү (реабилитация) курсунан өтүүдө.
Жоокердин атасы билдиргендей, бир топ жоокерди ачык деңизге агызып кеткенден кийин, анын уулу өз алдынча жээкке чыгууга үлгүргөн. Андан соң ал-күчү түгөнгөнгө чейин жарым сааттай жээкти бойлоп кызматташын издеген.
Жоокердин кызматын аяктап, үйүнө кайтуусуна (демобилизациясына) беш эле күн калган болчу.
Ошондой эле издөө операциясы аяктаганы белгилүү болду. Куткаруу кызматтары каргашалуу окуядан кийин дайынсыз болуп жаткан акыркы эки аскер кызматкеринин сөөгүн табышты.
Каза болгондор келишимдик негизде кызмат өтөгөн сержант Мансур Гумаров жана мөөнөттүү кызматтын матросу Мирас Турдыбекулы болуп чыкты. Алардын сөөгү 25-сентябрь күнү эртең менен суудан чыгарылды.
Акыркы дайынсыз жоголгондордун сөөгү табылгандан кийин, Казакстандын Аскер-деңиз күчтөрүнүн аскердик машыгуусундагы трагедиядан каза болгондордун жалпы саны 14 адамга жетти.
Эске салсак, трагедия Каспий деңизинин жээгиндеги аскердик машыгуу учурунда орун алган. Аба ырайынын кескин бузулушу жана катуу шамалдын кесепетинен бир топ аскер кызматкерлерин деңизге агызып кеткен.
Акжол Темиралиев — куткарылган аскер кызматкерлеринин ичинен ооруканага жаткырууга муктаж болгон жалгыз жоокер. Болгон окуя боюнча иликтөө жүрүп, атайын өкмөттүк комиссия түзүлдү.
Аскер кызматкерлеринин курман болгондугуна байланыштуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 25-сентябрды жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Токаевге, курман болгон аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө, бир туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.