Касымалиев: Кыргызстан ЖИ жаатында кызматташуу боюнча дүйнөлүк уюмду түзүү демилгесин колдойт
Бүгүн, 24-сентябрда, КРдин Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытайдын Ханчжоу шаарында бешинчи Дүйнөлүк санариптик соода көргөзмөсүнүн ачылыш аземине катышууда. Бул тууралуу Минкаб билдирди.
Өкмөт башчы аземде сөз сүйлөп, санариптик соода дүйнөлүк экономиканын жаңы инфраструктурасына айланып бара жатканын белгиледи. Ошондой эле ал Кыргызстан Кытайдын Жасалма интеллект жаатында кызматташуу боюнча Дүйнөлүк уюмду түзүү демилгесин колдой турганын билдирди.
«Биз үчүн өзгөчө маанилүүсү, Кыргызстан бул жаңы эл аралык түзүмдүн алгачкы мамлекет-негиздөөчүлөрүнүн бири болду. Биз жасалма интеллект өнүгүүгө кызмат кылып, санариптик ажырымды кыскартып, бардык өлкөлөргө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү беришин каалайбыз. Кыргызстан бул ишке жигердүү катышууга даяр», — деп белгиледи ал.
Мындан тышкары Адылбек Касымалиев санариптик соода тармагындагы кызматташтыктын бир катар багыттарына токтолду. Алардын ичинде электрондук соода, санариптик төлөмдөр, «Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жол долбоорун санариптик коштоо бөлүгүндөгү логистика каралган. Ошондой эле чакан жана орто бизнес үчүн жасалма интеллект чечимдерин киргизүү, дата-борборлорду, технологияларды трансферттөө борборлорун өнүктүрүү жана адистерди даярдоо багыттарын белгиледи.
«Биздин деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгүбүз жок, бирок санариптик дүйнөдө аралык тоскоолдук болуп саналбайт. Кыргызстан инвестицияларга жана технологиялык өнөктөштүккө ачык», — деди Минкаб башчысы.
Биздин деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгүбүз жок, бирок санариптик дүйнөдө аралык тоскоолдук болуп саналбайт. Кыргызстан инвестицияларга жана технологиялык өнөктөштүккө ачык

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы



