АКШ элчилиги виза берүү боюнча маектешүүгө кабыл ала баштайт

АКШ элчилиги виза берүү боюнча маектешүүгө кабыл ала баштайт

АКШ элчилигинин консулдук бөлүмү 2021-жылдын 1-декабрынан баштап бардык виза кызматтары үчүн маектешүү үчүн жолугушууну ачат. Арыз берүүчүлөрдүн жана кызматкерлердин ден соолугунун жана коопсуздугунун себептеринен улам, элчиликке келген бардык зыяратчыларга кирүү чектелген, социалдык аралык сакталат жана милдеттүү түрдө медициналык беткап тагынышат.

“Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы мамилелер элибиздин ортосундагы жеке байланыштарга негизделген. Биз стандарттуу виза кызматтарын, анын ичинде туристтик жана бизнес максаттары үчүн саякаттагандарга сунуштай алганыбызга абдан кубанычтабыз. Бул кызматтардын кайра жанданышы биздин жакын достугубузду сактап калууга жардам берет жана декабрда биз өнөктөштүгүбүздүн 30 жылдыгын белгилей турган маанилүү мезгилде болот”, — деди АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер.

Эске салсак, 2020-жылдын март айында АКШ элчилиги COVID-19 жайылышына байланыштуу Мамлекеттик департаменттин сунуштарына ылайык визалык интервьюларды убактылуу токтоткон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>