Депутат боксчу Омар Левазага убада кылынган батир боюнча маселени көтөрдү

Жогорку Кеңештин депутаты Гулжан Сатиева боксчу Омар Левазага убада кылынган батир эмне себептен ушул күнгө чейин берилбей жатканын тактоону өтүндү. Бул маселени ал Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүктүрүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында көтөрдү.
Депутаттын айтымында, спортчу 2025-жылы Дубайда өткөн бокс боюнча дүйнө чемпионатында экинчи орунду ээлеген. Кыргызстанга кайтып келгенден кийин ага бир бөлмөлүү батир убада кылынган.
Сатиеванын айтымында, спортчунун колунда сатып алуу-сатуу келишими жана тиешелүү документтери бар. Батир 2026-жылдын апрель айында берилери айтылган. Бирок ушул күнгө чейин спортчу турак жайын ала элек.
«Батир кайда кетти же ага бөлүнгөн каражат кайда? Эмне себептен берилбей калды? Ага батир башка ээсине өтүп кеткени тууралуу жооп беришиптир», — деди депутат.
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Руслан Кубаталиев батир боюнча маалымат такталып, жазуу түрүндө жооп берилерин билдирди.
Сатиева бул маселени көзөмөлгө алып, аягына чыгарууну өтүндү.
«Биздин спортчуларга мамлекет тарабынан колдоо жок деп айтпайм. Мен мындай сөздөн алысмын. Бирок, тилекке каршы, ушундай көрүнүштөр болуп жатат. Бул маселени карап чыгып, чечип берүүнү суранам», — деди депутат.