“Борбор Азия – Кытай” саммитинде Сиань декларациясына кол коюлду
Бүгүн, 19-майда Кытайдын Сиань шаарында өткөн “Борбор Азия – Кытай” саммитинин жыйынтыгы боюнча Сиань декларациясы кабыл алынды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Документке Кыргыздын президенти Садыр Жапаров, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кол койгон.
Андан тышкары, саммиттин алкагында төмөнкү документтерге кол коюлду:
– “Борбор Азия – Кытай” өнөр жай-инвестициялык кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
– “Борбор Азия – Кытай” форматындагы соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
– Борбор Азия мамлекеттери менен Кытайдын ортосундагы санариптик соода жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
– «Борбор Азия – Кытай» форматында инфраструктура жана инженердик курулуш тармагында кызматташууну өнүктүрүүнү алдыга жылдыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
– “Борбор Азия – Кытай” айыл чарба министрлеринин жолугушуусунун механизмин түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
– “Борбор Азия – Кытай” форматында бажы кызматтарынын жетекчилеринин жолугушуусун өткөрүү механизминин иши жөнүндө жобо;
– “Борбор Азия – Кытай” форматындагы компетенттүү органдардын ортосунда жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн карантиндик алып кирүү жана алып чыгуу жаатындагы техникалык кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
– “Борбор Азия – Кытай” Ишкер кеңешин түзүүдө кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз