Ысык-Көлдө желим баштыктарды колдонууга тыюу салууну көздөшүүдө

Ысык-Көлдө желим баштыктарды колдонууга тыюу салууну көздөшүүдө

Ысык-Көл облусунун аймагында экологиялык жактан таза альтернативдүү продукцияга өтүү менен полиэтилен баштыктарын жүгүртүүгө, өндүрүүгө жана колдонууга этап-этабы менен тыюу салууну көздөшүүдө. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, аталган ведомстводо Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо чаралары боюнча жыйын өттү. Жаратылыш ресурстар министрлиги видеотасманы тартуулап, ага ылайык, көлдөн 3275 кг таштанды, 47 миң метр синтетикалык тор чыгарылып, тогуз бирдик браконьердик моторлуу кайыктар алынган.

“Ар кандай технологияларды колдонуу менен жасалган пластикалык буюмдардын жок болуусу орто эсеп менен 400 жылдан 700 жылга чейин созулат. Табиятта желим баштыктар 100 жылдан 200 жылга чейин бузулбайт, туруктуу органикалык булгоочу болуп саналат. Буга байланыштуу желим баштыктарга тыюу салуу боюнча чукул чараларды көрүү зарылчылыгы келип чыкты”, — деп айтылат маалыматта.

Жыйындын катышуучулары белгилегендей, учурда Ысык-Көлдүн курорттук-рекреациялык зонасынын аймагында жагымсыз экологиялык кырдаал түзүлүп, ал буга чейин көл комплексинин рекреациялык баалуулугунун төмөндөшүнө алып келген, ал эми эгерде орун алган терс тенденциялар сакталып, кайра калыбына келбеген экологиялык жана экономикалык жоготууларга алып келиши мүмкүн.

Полиэтилен баштыктарды колдонууга тыюу салуу коомчулуктун экологиялык көйгөйлөргө маалымдуулугун жана айлана-чөйрөнү сактоо боюнча ар бир адамдын жоопкерчилигин жогорулатууда маанилүү кадам болушу мүмкүн. Ошондой эле дүйнө жүзү боюнча барган сайын популярдуу болуп жаткан экологиялык туризмди өнүктүрүүгө салым кошо алат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>