Кыргызстанда 70 тоннадан ашуун кара куурай өрттөлдү

Кыргызстанда 70 тоннадан ашуун кара куурай өрттөлдү

Кыргызстандын аймагында 70 тоннадан ашуун кара куурай өрттөлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, «Кара куурай» жана «Канал-Невский щит» аталыштагы ыкчам алдын алуучу иш-чаралардын жүрүшүндө кара куурай өсүмдүгүн жок кылуу максатында, 2023 адамдан турган 148 бригада түзүлгөн.  Жалпысынан 2069 гектар жер изилденип, анын ичинен 86 гектарда өсүүчү кара куурай орулуп, өрттөө жолу менен жок кылынды. Алардын жалпы салмагы 70 тонна 118 кг түздү.

Аталган ыкчам алдын алуучу иш-чараларды өткөрүү учурунда ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан 7 баңгилик кылмыш аныкталды, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 14 кг 503 гр баңгизаттар жана психотроптук заттар алынды, анын ичинен: гашиш – 11 кг 954 гр, психотропттук заттар -1 кг 671 гр, кара куурай – 878 гр.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>