24-сентябрь: өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйтКыргыз мамлекеттик куурчак театры 88-сезонун ачат. Октябрь айында кайсы чыгармалар коюлатКыргызстан менен Кытай энергетика тармагында кызматташуу макулдашуусуна кол коюштуБишкекте 25-сентябрда ыктыярдуу кан тапшыруу акциясы өтөтКыргыз тили жашоо, жумуш жана илим үчүн: 2028-жылга чейин эмне өзгөрөт?Депутат электромобилдерди ташып келүүгө квотаны дагы көбөйтүүнү суранды
Борбордо 69 окуучудан коронавирус табылып, 14 мектеп карантинге жабылды
27.04.2021 | 11:29
Азыркы учурда 69 окуучу жана 24 мугалим коронавирус инфекциясы менен жабыркап жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Эльмира Иманалиева билдирди.
Анын айтымында, 26-апрлелде 4 мектепте карантин чаралары алынып, кайрадан окуу улантыла баштады.
“Учурда 14 мектеп карантинге жабылгандыктан окуу процесси онлайн улантылууда. Эпидемиологиялык абалды эске алуу менен 29-апрелде карантинге жабылган мектептердин бирин, ал эми 4-майда 8 мектепти ачууну пландап жатабыз. Мындан сырткары эки бала бакча карантинге жабылган”, – деди Эльмира Иманалиева.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим