Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү — Садыр ЖапаровСаламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы башчысы менен УКМК төрагасынын мурдагы орун басары пара алууга айыпталуудаКыргызстан боюнча 20 миңден ашык видеокөзөмөл камералары орнотулат — ИИМАнкаранын Борбор Азиядагы аскердик-өнөр жай комплекси: учкучсуз учактардан аскердик экосистемаларга чейинЧүй облусу гана эмес, бүтүндөй Кыргызстан өнүгүүдө — Болот ИбрагимовКөргөзмөлөр, улуттук тамак-аштар жана концерт: Бишкекте Чүйдүн 100 жылдык мааракеси белгиленүүдө
Кыргыз мамлекеттик куурчак театры 88-сезонун ачат. Октябрь айында кайсы чыгармалар коюлат
23.09.2026 | 18:08

3-октябрда Бишкек шаарында М. Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры 88-театралдык сезонун ачат. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Сезондун ачылышында көрүүчүлөргө эки спектакль тартууланат. Саат 11:00дө кыргыз тилиндеги «Саламатсызбы!», ал эми саат 12:30да орус тилиндеги «Алиса в стране чудес» спектаклдери көрсөтүлөт.
Ошондой эле театр октябрь айында бир катар куурчак оюндарын көрсөтөт. Репертуардын графиги төмөндөгүдөй:
- 4-октябрь:
- 11:00 — «Алиса в стране чудес»;
- 12:30 — «Саламатсызбы!».
- 10-октябрь:
- 11:00 — «Пиноккионун жыгач шаары»;
- 12:30 — «Деревяшки. Город для Пиноккио»;
- 18:00 — «Пегий пес, бегущий краем моря».
- 11-октябрь:
- 11:00 — «Деревяшки. Город для Пиноккио»;
- 12:30 — «Пиноккионун жыгач шаары»;
- 18:00 — «Пегий пес, бегущий краем моря».
- 17-октябрь:
- 11:00 — «Алдар Көсөөнүн жоруктары»;
- 12:30 — «Карлик Нос».
- 18-октябрь:
- 11:00 — «Карлик Нос»;
- 12:30 — «Алдар Көсөөнүн жоруктары».
- 31-октябрь:
- 11:00 — «Кумурска — токой сакчысы»;
- 12:30 — «Маленький принц».
Билеттердин баасы 200 сомду түзөт. «Пиноккионун жыгач шаары», «Деревяшки. Город для Пиноккио» жана «Пегий пес, бегущий краем моря» спектаклдерине кирүү акысы 500 сом. Үч жаштан өйдө балдарга жана аларды коштоп келгендерге өзүнчө билет алуу талап кылынат.
Рубрики: Жаңылыктар, Маданият
Теги: куурчак театр