Кыргыз тили жашоо, жумуш жана илим үчүн: 2028-жылга чейин эмне өзгөрөт?

23-сентябрда Кыргызстанда Мамлекеттик тил күнү белгиленет. Быйыл өлкө бул майрамды Министрлер кабинети тарабынан 10-июлда бекитилген 2026–2028-жылдарга Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жаңы программасы менен тосуп алууда.
Документ күнүмдүк турмуштун дээрлик бардык чөйрөлөрүн: мамлекеттик органдар менен баарлашуудан жана мектептеги билим берүүдөн баштап, балдардын мультфильмдерине, илимий изилдөөлөргө жана жасалма интеллектке чейин камтыйт. Анын негизги практикалык максаты — кыргыз тилинде сүйлөшүү гана эмес, ошондой эле билим алуу, иштөө, кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу жана заманбап технологияларды колдонуу ыңгайлуу болушу үчүн аны колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.
Reporter.kg алдыдагы үч жылга кандай өзгөрүүлөр пландаштырылганын жана алар кыргызстандыктардын күнүмдүк жашоосуна кандай таасир этиши мүмкүн экенин билүү үчүн аталган программаны жана аны менен бирге бекитилген иш-чаралар планын изилдеп чыкты.
Тилди билүүдөн — ошол тилде иштөөгө карай
Программанын негизги багыттарынын бири — мамлекеттик мекемелерде кыргыз тилинин колдонулушун кеңейтүү. Кеп чиновниктердин жөн гана сүйлөшө алышында эмес, мамлекеттик тилде расмий иш кагаздарын жүргүзө билүүсү, документтерди даярдоосу жана калкка кызмат көрсөтө алышы жөнүндө болуп жатат.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, аскер кызматкерлери жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн тездетилген тил курстары каралган. Алардын мазмунун кесиптик милдеттерге ылайыкташтыруу пландалууда: мамлекеттик органдын кызматкери жарандарга кызмат көрсөтүүнүн тартибин түшүндүрүп бере алышы, кайрылуулар менен иштеши жана расмий документтерди сабаттуу түзө билиши керек.
Окутуу «Кыргызтест» системасынын деңгээлдери боюнча — башталгыч А1ден жогорку С1 деңгээлине чейин уюштурулат. Сабактарга күндүзгү тартипте катыша албагандар үчүн аралыктан окутуу курстарын жана электрондук окуу куралдарын иштеп чыгуу каралган.
Планга ылайык, үч жылдын ичинде 1,2 миңден ашык мамлекеттик кызматкер, аскер жана укук коргоо кызматкерлери окуудан өтүшү зарыл.
Бирок тилди билүү өз алдынча мамлекеттик кызматтарды алуу оңой болот дегенге кепилдик бербейт. Бул үчүн арыздардын түшүнүктүү формалары, иш кагаздарын тариздөөнүн бирдиктүү эрежелери жана кызматтык кат алышуунун жеткиликтүү үлгүлөрү керек.
Ошондуктан программа кыргыз тилиндеги документтердин стандарттарын жана санариптик калыптарын (шаблондорун) иштеп чыгууну карайт. Ошондой эле иш кагаздарын жүргүзүү эрежелери, усулдук колдонмолор жана расмий кат алышууда мамлекеттик тилди колдонуу боюнча сунуштамалар топтолгон маалыматтык ресурсту түзүү пландалууда.
Бийлик так көрсөткүчтөрдү да аныктады. Маселен, 2025-жылы мамлекеттик органдарда кыргыз тилиндеги иш кагаздарын жүргүзүүнүн үлүшү 60 пайызды түзгөн. 2028-жылга карата аны 95 пайызга жеткирүү көздөлүүдө.
Тилди В1, В2 жана С1 деңгээлдеринде билген мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин үлүшү 30 пайыздан 90 пайызга чейин өсүшү керек. Бул программанын максаттуу көрсөткүчтөрү болуп саналат: алар буга чейин болгон өзгөрүүлөрдү эмес, бийликтин 2028-жылдын аягына чейин жетүүнү көздөгөн жыйынтыктарын чагылдырат.
Гаджеттердин көмөгү
Программаны иштеп чыгуучулар жашаган жерине жана сабактардын графигине карабастан кыргыз тилин үйрөнүүгө шарт түзгөн санариптик куралдарга басым жасашууда.
2026–2028-жылдары өз алдынча билим алуу үчүн онлайн-платформа түзүү каралган. Аны кыргызстандыктар да, чет өлкөлүк жарандар да колдоно алышат. Платформа интерактивдүү сабактарды жана окуучулар өз билимин текшере ала турган тесттерди камтыйт.
«Кыргызча оңой» (Easy Kyrgyz) мобилдик тиркемесине өзгөчө көңүл бурулган. Аны жаңы материалдар, интерактивдүү тапшырмалар жана В1, В2 деңгээлдери менен толуктоо мерчемделүүдө. Ошентип, тиркемени тил менен таанышуу куралы катары гана эмес, башталгыч базаны өздөштүрүп, окуусун улантууну каалагандар үчүн ресурс катары да өнүктүрүү пландалууда.
Дагы бир багыт — балдардын тилди оюн түрүндө үйрөнүүсү. 2026-жылы кыргыз алфавити, чакан оюндар, аудиодиалогдор жана сөздөрдү таануу боюнча тапшырмалары бар мобилдик тиркемени өркүндөтүү пландалууда. Мындай формат балдарга тилди сабакта гана эмес, телефондо же планшетте көнүмүш оюндарды ойноп жатып да үйрөнүүгө шарт түзөт.
Котормодо жасалма интеллекттин жардамы
Программанын санариптик бөлүгү окутуу менен гана чектелбейт. Документ кыргыз тилин жумушта жана күнүмдүк баарлашууда колдонууну жеңилдете турган инструменттерди түзүүнү карайт.
Алардын бири — мамлекеттик тилдеги документтердин сапатын текшерүү жана жакшыртуу үчүн жасалма интеллектке негизделген электрондук жардамчы. Ал колдонуучуларга тексттер, анын ичинде расмий документтер менен иштөөгө көмөктөшүшү керек.
Ошондой эле машиналык котормону жакшыртуу жана ал үчүн мобилдик тиркемени иштеп чыгуу каралууда. Өзүнчө бир багыт — оозеки сүйлөмдү текстке айландыруучу жана жазылганды үнгө салуучу сервистерди өнүктүрүү. Алардын мүмкүнчүлүктөрүн ар түрдүү үндөрдүн тембрлери жана диалектилерди айырмалоо аркылуу кеңейтүү көздөлүүдө.
Мындай технологиялар текстти тез даярдоо, маалыматты которуу же үн аркылуу терүү функциясын колдонуу керек болгон учурда абдан пайдалуу.
Ошол эле учурда, иш-чаралар планында так ушул сервистерди иштеп чыгуу жана өркүндөтүү тууралуу сөз болууда. Алар ишке киргизилгенден кийинки жеткиликтүүлүгү менен сапатына али баа бериле элек.
Мектептерде — жаңы окуу китептери, колледждерде — келечектеги кесиптин тили
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү билим берүүдөн башталат. Бул жаатта программа кыргыз тили эне тили болгон балдарды жана аны экинчи тил катары окуп жаткандарды окутууда ар башка ыкмаларды колдонууну карайт.
Мектеп окуучулары үчүн 1–12-класстарга кыргыз тили боюнча заманбап окуу-методикалык комплекстерди даярдоо пландалууда. Тилди эне тили катары жана экинчи тил катары үйрөнүү үчүн өзүнчө материалдар каралган. Мындай ыкма окуучулардын даярдык деңгээлиндеги жана окутуу максаттарындагы айырмачылыктарды эске алууга мүмкүндүк берет.
Өзгөрүүлөр мугалимдерге да тиешелүү болот. Жыл сайын 500гө жакын кыргыз тили мугалими заманбап усулдарга басым жасоо менен квалификациясын жогорулатуудан өтүшү керек. Иш-чаралар планында кыргыз тилин эне тили жана экинчи тил катары окуткан педагогдорду даярдоо каралган.
Дагы бир багыт — тил үйрөнүүнү келечектеги кесип менен байланыштыруу. Башталгыч кесиптик билим берүү уюмдары үчүн тармактык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен «Кесиптик кыргыз тили» программасын иштеп чыгуу каралган.
Анын максаты — окуучуларга күнүмдүк лексиканы гана эмес, келечектеги жумушта керектүү сөздөрдү жана сөз айкаштарын өздөштүрүүгө көмөктөшүү. Программаны иштеп чыгуу жана сыноодон өткөрүү 2026–2028-жылдарга пландаштырылган.
Медицина, укук жана башка илимдер кыргызча
Программанын дагы бир максаты — кыргыз тилин илимий жана кесиптик чөйрөдө колдонуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү.
Бул үчүн чет өлкөлүк илимий эмгектерди жана окуу китептерин которуу жана адаптациялоо, мамлекеттик тилдеги илимий басылмаларды колдоо, ошондой эле адистештирилген сөздүктөрдү даярдоо каралган.
Терминология боюнча иштер өзгөчө орунду ээлейт. Документте юридикалык, медициналык, техникалык, каржылык, аскердик жана башка тармактар аталган. Алар үчүн терминдерди которуу жана бирдей колдонуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу пландаштырылууда. Мындан тышкары, лингвистикалык сөздүктүн электрондук базасын түзүү каралган.
Бул багыт илимпоздор үчүн гана эмес, татаал темаларды кыргыз тилинде түшүндүрүүгө туура келген окутуучуларга, студенттерге, котормочуларга, журналисттерге жана адистерге бирдиктүү жана түшүнүктүү терминология зарыл болгондуктан да маанилүү.
Кыргызча Википедияны да өнүктүрүү көздөлүүдө. План ыктыярчыларды макала даярдоого үйрөтүүнү, колдонуудагы материалдарды жакшыртууну жана 20 миңден ашык макала менен иштөөнү карайт. Бул интернетте кыргыз тилиндеги маалыматка жеткиликтүүлүктү кеңейтиши керек.
Мультфильмдер, ырлар жана китептер: мектептен тышкаркы тил чөйрөсү
Программанын өзүнчө бир бөлүгү балдарга жана өспүрүмдөргө арналган. Анын милдети — бош убакта көрүүгө, угууга жана окууга мүмкүн болгон кыргыз тилиндеги кызыктуу контенттин санын көбөйтүү.
2026–2028-жылдары мультфильмдерди тартууну колдоо жана балдар үчүн 150гө жакын видеоролик даярдоо пландалууда. Ошондой эле мурунку программанын алкагында башталган анимациялык долбоорду улантуу каралган.
Жалпы узактыгы 306 мүнөттү түзгөн жаңы 2D жана 3D сериалдары эки жаш курактык топко — төрөлгөндөн үч жашка чейинки жана үч жаштан беш жашка чейинки балдарга багытталган. Аларды улуттук медиаплатформаларга жайгаштыруу мерчемделүүдө.
Планда YouTube үчүн балдар караокесин түзүү да бар. Балдар угуп, кошулуп ырдай алышы үчүн белгилүү кыргыз ырларын анимациялык коштоо менен жаздыруу каралган.
Программада китептерге да олуттуу орун берилген. 3 жаштан 12 жашка чейинки балдар үчүн кыргыз, орус жана англис тилдеринде сүрөттүү музыкалык китептерди басып чыгаруу каралууда. Пландалган нускасы — 5 миңге жакын даана. 2027-жылга ушундай эле нускада жомокторду чыгаруу пландаштырылган.
Мындан тышкары, «Акыл таймаш» жана «Билги» интеллектуалдык долбоорлору, балдар чыгармаларынын сынактары, тарыхый инсандар жана өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон кыргызстандыктар жөнүндө видеосюжеттерди даярдоо каралган.
Ошентип, программа кыргыз тилинин класс ичинде гана эмес, ошондой эле мультфильмдерде, ырларда, оюндарда жана балдар өз кызыгуусу менен кайрыла турган башка форматтарда да жаңырышын камсыз кылууну көздөйт.
Шаардагы кыргыз тили: көрнөк-жарнактар, транспорт жана кызмат көрсөтүүлөр
Программа адам үйдөн, мектептен же жумуш ордунан тышкары жерде көргөн жана уккан чөйрөнү да камтыйт.
2026–2028-жылдары коомдук жайларда тил чөйрөсүн өнүктүрүү каралган. Кеп жарнамаларда, маалымат такталарында, көрсөткүчтөрдө жана афишаларда, транспортто, музейлерде жана галереяларда кыргыз тилин колдонуу жөнүндө болуп жатат. Документте визуалдык материалдар мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык келиши керектиги көрсөтүлгөн.
Ошондой эле расмий иш-чараларда, маданият мекемелеринде жана калкка кызмат көрсөтүү учурунда кыргыз тилин колдонууну кеңейтүү каралган.
Кыргызстандыктар үчүн бул чаралардын практикалык мааниси маалыматтын жеткиликтүүлүгүндө: көрсөткүчтү окуп билүү, кулактандыруунун маңызын түшүнүү же керектүү түшүндүрмөнү мамлекеттик тилде алуу мүмкүнчүлүгүндө турат.
Жыйынтыктарды баалоо
Программа үч жылга эсептелген. Анын аткарылышы өткөрүлгөн иш-чаралардын саны менен гана эмес, белгиленген көрсөткүчтөргө жетүү деңгээлине жараша да бааланары болжолдонууда.
Алсак, токтомдо министрликтер, ведомстволор жана ЖӨБ органдары аткарылган иштердин жүрүшү жөнүндө ар бир жарым жыл сайын, ал эми белгиленген көрсөткүчтөргө жетишкендиги тууралуу жыл сайын отчет берип турушу керектиги көрсөтүлгөн.
Бирок планды бекитүү менен реалдуу өзгөрүүлөрдүн ортосунда чоң айырма бар.
Тиркеме түзүү — аны колдонуучулар үчүн ыңгайлуу кылуу дегенди билдирбейт; окуу китебин чыгаруу — анын ар бир окуучуга жеткиликтүү болушун камсыз кылуу дегендикке жатпайт; мамлекеттик кызматкерди окутуу — жарандарды кыргыз тилинде түшүнүктүү тейлөөнү толук жолго коюу дегенди туюнтпайт.
Андыктан 2028-жылдын аягына карата программанын жыйынтыктары отчеттогу сандар менен гана эмес, күнүмдүк турмушта: мамлекеттик органдарга кайрылууда, окууда, жумушта, маалымат издөөдө жана заманбап санариптик кызматтарды пайдаланууда кыргыз тилин колдонуу канчалык жеңилдегенине карап бааланат.
Анара Мамытова