Кыргызстанда 8 райондо суу менен камсыз кылуучу райондук ишканалар түзүлөтКыргызстанда социалдык кызматкерлердин айлык акысы 40 миң сомго чейин көтөрүлдүСадыр Жапаров жеке авто-мектептердин ишине коюлган тыюуну жыл аягына чейин узартты«Манас» аэропортунда 31-август жана 1-сентябрдагы каттамдарга айрым чектөөлөр киргизилетКыргызстандагы мектептерде мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн жекече окутуу программалары киргизилетЧычкан, кир бөлмө, жашыруун төлөм: Ысык-Көлдө эс алуу жайын тандоодо эмнеге көңүл буруу керек?
Боронов Финполдо 5 саат сурак берип чыкты
12.01.2021 | 17:03
Бүгүн, 12-январда мурдагы өкмөт башчы Кубатбек Боронов Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматында 5 саат сурак берип чыкты.
Боронов суракка күбө катары чакырылганын билдирип, пандемия боюнча тактай турган суроолор бар экенин айтты.
«Мен суракта эмнелер боюнча суроолор болгонун так айтып бере албайм, анткени тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу суракта айтылган маалыматтарды ачыктабайм деп кол коюп бердим. Суракка күбө катары келдим, мындан ары чакырбайт деп үмүттөнөм», – деди Боронов.
Белгилей кетсек, Кубатбек Боронов суракка 11:00дө келип, 16:00дөн өтүп чыкты.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом