Бишкекте ШКУ өлкөлөрү «Жашыл технологиялык коридорду» түзүүнү макулдашышты«Амели» тасмасынын жылдызы Одри Тоту Бишкектеги кинофестивалдын ардактуу коногу болотКыргызстан менен Түштүк Корея экспортту жана өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүнү макулдашты23-майга карата аба ырайыСалт эмес, трагедия: ала качууну кайтарууга кимдер аракет кылуудаБишкекте Мигранттар үчүн ресурстук борбор ачылды
Караколдогу лыжа базасынан 12 жаштагы казакстандык бала каза болду
12.01.2021 | 16:47
Казакстандык 12 жаштагы бала Каракол лыжа базасынын тоо боорунун биринен ылдый түшүп бара жатып каза болду. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүн, 12-январда саат 15:00 чамасында милицияга лыжа базасынан 12 жаштагы бала темир жолдун биринен түшүп келе жатып, балатыны сүзүп кетти деген билдирүү түшкөндүгү такталды. Бала алган жаракатынан улам окуя болгон жерде көз жумган.
Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, ал жерде милиция кызматкерлери бардык материалдарды чогултуп жатышат.
Учурда баланын денеси облустук ооруканага жеткирилип, соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар