Бул жакка эч кимди киргизишчү эмес! «Бишкек-Аренадагы» VIP-ложанын алгачкы кадрларыКыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдететСадыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!Бишкектин Кронштадт көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды
Боршайком Оштогу кыргызча-орусча аралаш жазылган баннерди алмаштырат (видео)
17.04.2024 | 14:33
Ошто шайлоо катара илинген баннерге ката жазылган. Аны шаар тургундары тартып, интернетке жарыялашты.
Анда “28 апреля 2024 года – №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнү”, – деп жазылган.
“Тилдин ашмалтайын чыгардыңар. Сүйлөмдүн башы орусча, калганы – кыргызча”, – дейт шаар тургуну.
Борбордук шайлоо комиссиясы Reporter.kg’ге басмакана ката кетиргенин, баннер кайра даярдалып жатканын айтты.
“Азыр кайра жазып, даярдап жатышат. Бир сааттын ичинде туура варианты илинет”, – дейт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом