КРде жасалма интеллекттин жардамы менен «Барсбек Каган» тарыхый тасмасы тартылды

05.08.2026 | 13:23
КРде жасалма интеллекттин жардамы менен «Барсбек Каган» тарыхый тасмасы тартылды — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда жасалма интеллекттин (ЖИ) жардамы менен «Барсбек Каган» жөнүндө тарыхый көркөм тасма тартылды. Аны өлкөнүн бардык кинотеатрларында 10-сентябрдан баштап көрүүгө болот. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.

Тасма Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата даярдалган. Ал беш бөлүмдөн турган «Каганат» киноэпопеясынын алгачкы бөлүгү болуп саналат.

«Каганат» коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан сунушталган тасма кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу тарыхын жана улуттук баалуулуктарды чагылдырууга багытталган.

Министрликтин маалыматында, тасманы тартууда жасалма интеллект (AI) жана заманбап кинематографиялык технологиялар колдонулган. Долбоорду ишке ашырууга Кыргыз улуттук «Манас» театры да катышкан. Киноэпопеянын кийинки бөлүмдөрү этап-этабы менен жарыкка чыгат.

Scroll to Top