«Мадина» базарындагы өрттү өчүрүү учурунда эки өрт өчүрүүчү жабыркады«Мадина» базарынын айрым жерлеринде өрттү өчүрүү иштери улануудаБишкек мэри «Мадина» базарындагы өрттөн кийин соодагерлер менен жолукту«Мадина» базарындагы өрткө дрондордун жардамы менен мониторинг жүргүзүлүүдө«Көлөкө менен кармаш»: Валентина Шевченко UFC титулун коргоо алдында Кыргызстанда машыгуудаБишкекке аймактардан 400дөн ашуун жол тескөөчү тартылды
Бозымчак кенинин кызматкерлери митингге чыгышты
11.12.2020 | 14:02
Бозымчак кенин иштетүүчү “Казминералс” компаниясынын кызматкерлери Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты.
Чогулгандар ишти жандантууну талап кылышты. Митингчилердин айтымында, алар 6-октябрдан бери иштебей, ошону менен иштеп тапкан акчалары түгөнгөн.
Эске салсак, 5-8-октябрь күндөрү болуп өткөн окуялардын натыйжасында “Альянс Алтын” ЖЧКсы (Жерүй), Kaz Minerals Бозымчак ЖЧКсы (Бозымчак), «Вертекс Голд Компани» (Жамгыр), ОсОО «Эти Бакыр Терексай» (Терексай), ОсОО Full Gold Mining (Иштамберды), ЖАК «Чаарат Заав» (Чаарат) жана ЖАК «Кичи Чаарат» (Куру-Тегерек) ишканаларынын иши токтоп калган.
Сүрөт: 24.kg
Рубрики: Жаңылыктар, Коом