Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылында токойлордогу мыйзамсыз 242 бак-даракты кыйып кеткени аныкталды. Бул туурасында климат жана экология боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.
Маалыматка караганда, тянь-шань 242 даана карагай, 77,8 метр куб болот. Анын жалпы баасы 444 миң сомду түзөт.
Учурда Жети-Өгүз райондук милициясы тергөө иштерин жүргүзүп жатат.